Чангыр-Таш айылында жаңы бейтапкана курулуп, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аралыктан катышып, бейтапкананын ишин баштоого уруксат берди.
Жаңы медициналык мекеменин курулушунун сметалык баасы 53 млн сомду түзөт. Долбоор ишке ашырылышы менен 17 миңден ашуун калк заманбап жана сапаттуу медициналык кызмат алууга мүмкүнчүлүккө ээ болду.
Белгилей кетсек, Чангыр-Таш айылындагы мурдагы бейтапкана 1956–1957-жылдары ашар жолу менен курулуп, 1960-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келген. Жаңы бейтапкананын курулушу айыл аймактын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.



