Кара-Дарыя айыл аймагында И. Миңбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштери уланууда. Жол куруу иштери айыл аймактын жол инфраструктурасын жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө.
Учурда жолдун негизин даярдоо жана асфальт төшөө иштери белгиленген графикке ылайык аткарылып жатат. Иш-чаранын жыйынтыгында көчө толугу менен жаңыланып, жөө жүргүнчүлөр жана унаалар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Айыл өкмөтү мындан ары да ички жолдорду оңдоп-түзөө жана инфраструктураны өнүктүрүү багытында иштерди улантат.


