Кара-Дарыя айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары 2025-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку упай топтоп, айыл өкмөтүнүн атайын сыйлыгына ээ болушту.
Билимге болгон аракетин, тырышчаактыгын жана ийгилигин көрсөтө алган окуучуларды колдоо максатында айыл өкмөтү аларга акчалай сыйлык ыйгарды. Бул демилге окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, жаш муундарды жаңы ийгиликтерге жетүүгө шыктандырууну көздөйт.
Айыл өкмөтү билим берүү тармагын колдоо жана таланттуу жаштарды шыктандыруу айылдын келечектеги өнүгүүсүнүн маанилүү багыты экенин белгилеп, мындай демилгелер мындан ары да улантыларын билдирди.


