Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде Кара-Дарыя айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фонддун эсебиндеги айыл чарба багытындагы жер аянттарын ижарага берүүнү сунуштайт.
📍 Ижарага сунушталган жер аянттары:
Тош айылы:
- Үч участкасы (сугат) — жалпы 24,28 га
- Мүндүз участкасы (сугат) — 16,02 га
Арал айылы:
- Кундузчу участкасы (шарттуу сугат) — 12,45 га
- Чоң-Кыргыз участкасы (сугат) — 18,48 га
Чангыр-Таш айылы:
- Адыр участкасы (кайракы) — 24,0 га
- Кайракы жерлер — 10,90 га
Аталган жер аянттары кылыпандуу дан эгиндерин өстүрүү үчүн үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга жана айыл чарба кооперативдерине ижарага берилет.
📌 Маанилүү шарттар:
- Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалардан жана айыл чарба кооперативдеринен арыздар 2025-жылдын 7-мартына чейин, саат 17:00гө чейин кабыл алынат;
- Жеке чарбалык субъектилерге мамлекеттик фонддун жерлери ижарага берилбейт.
📍 Жооптуу орган: Райондук ведомстволор аралык комиссия
🗓 Жарыяланган күнү: 21.02.2025-жыл