Муниципалдык айыл чарба жер тилкесин конкурс аркылуу ижарага берилет

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Тош айылынын Ашуу участогунда жайгашкан 14,1 га айыл чарба багытындагы жер аянты конкурс аркылуу ижарага берилет. Бул жерлер асылдуулугу төмөн болуп, көп жылдардан бери пайдаланылбай бош жаткан айыл чарба жерлери болуп саналат. Конкурс 2026-жылдын 12-март күнү өткөрүлөт. Конкурска катышуу шарттары жана талаптары боюнча маалыматты Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жер адисинен […]
Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерине ижара укугун тоорук ( аукцион,конкурс) ижарага беруу боюнча ачык

АУКЦИОН ЖАРЫЯЛАЙТ.
Ата-энелер мектебине жана китеп окуу конкурсуна чакыруу

2025-жылдын 5-апрелинде №19 А. Абдукаимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин залында ата-энелер мектеби уюштурулат. Иш-чара «Билимдүү эне – билимдүү коомду тарбиялайт» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Гапыр Мадаминовдун «Дасторкон четиндеги университет» аттуу китебинин негизинде китеп окуу конкурсу уюштурулат. Ушул иш-чарага Кара-Дарыя айыл аймагынын бардык ата-энелерин жана кызыккан жарандарды активдүү катышууга чакырабыз.
Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарага чакыруу

21-март Нооруз майрамы Рамазан айына туура келип калгандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 12-апрелинде Арал айылындагы И. Миңбаев атындагы стадиондо майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Ушул майрамдык иш-чарага Кара-Дарыя айыл аймагынын бардык жашоочуларын жана конокторун активдүү катышууга чакырабыз.
Айыл чарба багытындагы жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө жарыя

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде Кара-Дарыя айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүнө өткөн мамлекеттик фонддун эсебиндеги айыл чарба багытындагы жер аянттарын ижарага берүүнү сунуштайт. 📍 Ижарага сунушталган жер аянттары: Тош айылы: Арал айылы: Чангыр-Таш айылы: Аталган жер аянттары кылыпандуу дан эгиндерин өстүрүү үчүн үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга жана айыл […]