Ата-энелер мектебине жана китеп окуу конкурсуна чакыруу

2025-жылдын 5-апрелинде №19 А. Абдукаимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин залында ата-энелер мектеби уюштурулат. Иш-чара «Билимдүү эне – билимдүү коомду тарбиялайт» долбоорунун алкагында өткөрүлүп, Гапыр Мадаминовдун «Дасторкон четиндеги университет» аттуу китебинин негизинде китеп окуу конкурсу уюштурулат. Ушул иш-чарага Кара-Дарыя айыл аймагынын бардык ата-энелерин жана кызыккан жарандарды активдүү катышууга чакырабыз.
Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарага чакыруу

21-март Нооруз майрамы Рамазан айына туура келип калгандыгына байланыштуу, 2025-жылдын 12-апрелинде Арал айылындагы И. Миңбаев атындагы стадиондо майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Ушул майрамдык иш-чарага Кара-Дарыя айыл аймагынын бардык жашоочуларын жана конокторун активдүү катышууга чакырабыз.