Кара-Дарыя айыл аймагында 9-май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Эскерүү иш-чарасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү жана алардын эрдигине таазим кылуу максатында өткөрүлдү.
Иш-чарага айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, ардагерлер, мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанаттын жүрүшүндө согуш жылдарындагы баатырлардын эмгеги эскерилип, тынчтык менен эгемендүүлүктүн баалуулугу баса белгиленди.
Айыл өкмөтү Улуу Жеңиш — тарыхый мурас жана муундан муунга өтө турган улуу сабак экенин белгилеп, мекенчилдикти жана тарыхты урматтоо багытындагы иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.



