Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата Чангыр-Таш айылында жаңы оорукананын салтанаттуу ачылуу аземи болуп өттү. Иш-чара онлайн форматта уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Президенти катышты.
Ачылыш аземине Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана коноктор катышты. Онлайн форматтагы салтанаттуу иш-чара өлкөнүн ар кайсы аймактарынан түз байланыш аркылуу өткөрүлдү.
Жаңы оорукананын ачылышы айыл аймактагы калк үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, калкка сапаттуу саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүгө шарт түзөт.
Айыл өкмөтү мындан ары да социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, калктын жашоо сапатын жакшыртуу багытында иштерди уланта бермекчи.


