Логотип портала Тундук

Түндүк мамлекеттик электрондук кызматтар порталы

Өкмөттүк кызматтарга онлайн жетүү

ЖРТдан жогорку упай топтогон окуучулар айыл өкмөтүнүн сыйлыгына ээ болушту

Кара-Дарыя айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары 2025-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку упай топтоп, айыл өкмөтүнүн атайын сыйлыгына ээ болушту.

Билимге болгон аракетин, тырышчаактыгын жана ийгилигин көрсөтө алган окуучуларды колдоо максатында айыл өкмөтү аларга акчалай сыйлык ыйгарды. Бул демилге окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттырып, жаш муундарды жаңы ийгиликтерге жетүүгө шыктандырууну көздөйт.

Айыл өкмөтү билим берүү тармагын колдоо жана таланттуу жаштарды шыктандыруу айылдын келечектеги өнүгүүсүнүн маанилүү багыты экенин белгилеп, мындай демилгелер мындан ары да улантыларын билдирди.

Facebook
WhatsApp
Email

Байланыштуу посттор

Снимок экрана 2026 01 24

Чангыр-Таш ооруканасы Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүндө ачылды

01/09/2025

Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнө карата Чангыр-Таш айылындагы жаңы оорукананын ачылуу аземи онлайн форматта Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда болуп өттү.
Asfalt ili beton dlya dorogi

И. Миңбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө

25/07/2025

Кара-Дарыя айыл аймагында И. Миңбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштери активдүү жүрүп жатат.
Interesnye fakty o 9 maya

Кара-Дарыя айыл аймагында 9-май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди

10/05/2025

Кара-Дарыя айыл аймагында 9-май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.