Курама айыл аймагында дагы бир жаңы социалдык объект ишке берилди!
2024-жылдын 29-ноябрында Каптал-Арык айылындагы кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага төмөнкү коноктор катышышты:
- Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — Масаидов Б.Ю.
- Курама айыл өкмөтүнүн башчысы — Карымбаев У.Т.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарынын жардамчысы — Азыгалиев Н.А. атынан Кнатов М.Н.
- Айылдын аксакалдары
- Жергиликтүү тургундар
Бул долбоор 2024-жылдын август айында башталып, толугу менен бүткөрүлүп, жаштар жана спорт сүйүүчүлөр үчүн мыкты шарттарды түздү.
Долбоордун жалпы суммасы — 3 596 640 сом.
Каржылоо төмөнкү булактардан жүргүзүлдү:
- Курама айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен — 1 329 591 сом
- Чүй облустук өнүктүрүү фондунан — 2 267 049 сом
Жаңы спорт аянтчасы жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө, спортту өнүктүрүүгө жана айылдагы ден-соолук маданиятын жогорулатууга чоң шарт түзөт.

