Панфилов айылында ири жана маанилүү социалдык объект — жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) пайдаланууга берилди!
Бул объект 15-Партсъезд кичи айылынын тургундары үчүн саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында курулду. ФАПтын курулушу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИСтин “Суу менен камсыздоо жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылды.
29.11.2024-жылы өткөн салтанаттуу ачылыш аземине төмөнкү коноктор катышты:
- Панфилов районунун акиминин орун басары — М. Телекматов
- Курама айыл өкмөтүнүн башчысы — У. Карымбаев
- АРИСтин өкүлдөрү
- Жергиликтүү тургундар
Жаңы ФАП медициналык кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө, өзгөчө балдарга, кош бойлуу аялдарга жана улгайган жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.
Бул объект Панфилов айылынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык ийгилик болуп эсептелет.


