Чангыр-Таш айылындагы №3 «Чангыр-Таш» атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде ички оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоор Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Ички оңдоп-түзөө иштеринин алкагында мектептин класстык бөлмөлөрү, коридорлору жана башка ички жайлары жаңыланып, окуучулар менен мугалимдер үчүн заманбап жана коопсуз шарттар түзүлөт.

Бул долбоор Кара-Дарыя айыл аймагында билим берүү тармагын өнүктүрүү жана социалдык инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштердин алкагында ишке ашырылууда.