ара-Дарыя айыл өкмөтү төмөнкү административдик кызмат ордуна ички резервге сынактан өтүү аркылуу талапкерлерди кабыл алаарын билдирет.

📍 Ваканттык кызмат орду:
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси – 1 штаттык бирдик.
📋 Квалификациялык талаптар:
- Бирдиктүү кызмат орду мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кеминде 1 жыл иш стажы;
- Же жалпы кесиптик иш стажы 3 жылдан кем эмес.
📄 Талап кылынуучу документтер:
- Комиссиянын төрагасына арыз;
- Кадрларды каттоо баракчасы;
- Таржымал (резюме);
- Өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек);
- Медициналык тактама;
- Аскердик билет;
- 3×4 өлчөмдөгү 2 даана сүрөт;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Эмгек китепчесинин жана билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
(нотариалдык же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
📅 Документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.
📍 Документтерди тапшыруу дареги:
Кара-Дарыя айыл өкмөтү, Арал айылы, Арал көчөсү №175
📞 Байланыш телефону: 0998 09 09 13
Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге конкурс өткөрүлүүчү күн жана жайы кошумча билдирилет.
🗓 15.04.2025-жыл